
Конкурс жаңы билимдерди, технологияларды жана чечимдерди түзүүгө багытталган илимий, изилдөөчүлүк жана инновациялык ишке шыктандыруу максатында өткөрүлөт.
Конкурс төмөнкү төрт номинация боюнча өткөрүлөт: “Илимий изилдөөлөрдүн негизиндеги мыкты стартап” , “Туруктуу өнүктүрүү жана “жашыл” технологиялар чөйрөсүндөгү мыкты чечим”, «Жылдын мыкты илимий макаласы», “Жылдын мыкты жаш окумуштуусу” .
Конкурска 35 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары, илимий даражасы бар экендигине карабастан жаш изилдөөчүлөр, окумуштуулар жана жаңычылдар катыша алышат.
Өтүнмөлөр 2025-жылдын 30-октябрына чейин
кыргыз же орус тилдеринде биринде beksultan9466@gmail.com электрондук дарегине номинацияга ылайык doc/docx форматында тиешелүү документтерди тиркөө менен кабыл алынат.
Конкурстун Жобосун бул жерден көчүрүп алыңыз!
Өтүнмө формалары:
1) “Илимий изилдөөлөрдүн негизиндеги мыкты стартап” номинациясы
2) “Туруктуу өнүктүрүү жана “жашыл” технологиялар чөйрөсүндөгү мыкты чечим” номинациясы