Официальный сайт МИНИСТЕРСТВО НАУКИ, ВЫСШЕГО ОБРАЗОВАНИЯ И ИННОВАЦИЙ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
 

Бишкекте II Кыргызстан– Россиябилим берүү форуму өтүп жатат

23–сентябрда Бишкек шаарында II Россия–Кыргызстан билим берүү форумунун (РКБФ-2025) ачылышы өттү. Форум эки өлкөнүн билим берүү, илим жана ишкердик тармактарынын өкүлдөрү үчүн диалог жүргүзүүчү негизги аянтча болуп саналат.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Россотрудничество, Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз–Россия Славян университети Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен уюштурду.

Форумда Россия менен Кыргызстандын университеттеринин экономика жана коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы, индустриялык өнөктөштөр менен практикалык кызматташуу талкууланды. Өзгөчө көңүл россия–кыргыз техникалык, медициналык жана агрардык жогорку окуу жайларынын консорциумдарына бурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, Россотрудничество уюмунун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин, жогорку окуу жайларынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында:

               •             тегерек столдор, дискуссиялык панелдер жана мастер-класстар;

               •             жаштардын стартап жана ишкердик долбоорлорунун презентациялары;

               •             билим берүү дипломатиясы, кадрларды даярдоодогу жаңы тенденциялар жана Кыргызстанда карьера курууда орус тилинин ролу боюнча талкуулар өттү.

Ошондой эле 80ден ашык уюмдун катышуусунда 20дан ашык семинарлар жана жолугушуулар өтүп жатат. Форумдун жыйынтыгында биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө программаларын ишке ашыруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.

24-сентябрда форумдун алкагында Россиянын жогорку билим берүү көргөзмөсү өтөт. Ага Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома, Красноярск, Омск жана башка шаарлардан 30дан ашык университет катышып, өзүнүн билим берүү программаларын сунуштайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *