Официальный сайт МИНИСТЕРСТВО НАУКИ, ВЫСШЕГО ОБРАЗОВАНИЯ И ИННОВАЦИЙ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
 

Объявление о вакантных должностях Нарынского государственного университета имени С. Нааматова

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети төмөндөгү бош (ваканттык) орундарына

ЖАРЫЯ

  1. Агрардык-техникалык факультеттин деканы;
  2. “Дарылоо иши” адистигине профессордук-окутуучулук курамы;
  3. Техникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы;
  4. Экология, агрардык жана технологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы;
  5. Маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы;
  6. Педагогика, тарых жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы;
  7. Чет тилдери кафедрасынын башчысы.

Квалификациялык талаптар:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы №329 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү уюмдарында профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык “Дарылоо иши” адистигине профессордук-окутуучулук курамынын ваканттык орундарына конкурска медицина илимдеринин кандидаты даражасы бар же жогорку медициналык билимдүү, ЖОЖдо 1 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык тажрыйбасы бар адистер катыша алат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы №329 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун факультети жана кафедрасы жөнүндө” жобого ылайык, факультеттин деканынын кызмат ордуна өткөрүлүүчү шайлоого тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражасы бар адистер, ал эми кафедра башчысынын кызмат ордуна өткөрүлүүчү шайлоого окумуштуулук даражасы бар, тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы адистер катыша алат.

Шайлоого катышууга арыздар жана тиешелүү документтер жарыя чыккан күндөн баштап бир айдын ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Нарын шаары, С. Орозбаков көчөсү, 25, АРБжУКК бөлүмү, тел: 03522 51842, 0709797976.

Шайлоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

— ректордун наамына жазылган арыз;

— толтурулган адистерди каттоо боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;

— резюме, мурдагы иштеген жеринен сунуш-мүнөздөмө;

— жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси;

— төмөнкү документтердин көчүрмөсү: билими, окумуштуулук наамы жана даражасы, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, эмгек китепчесинин, сыйлыктарынын күбөлүктөрү жана башка документтердин көчүрмөсү, алар нотариустан же иштеген жеринин кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин конкурстук комиссиясы