
К.Кольбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын жана “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү боюнча комиссиясы К.Кольбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын бекитүү үчүн конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну Жарыялайт.
“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:
Кеңештин мүчөсү катары төмөнкүлөр боло алышат:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;
2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.
Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн тандоо конкурсуна катышууну каалаган талапкерлердин арызына төмөнкү документтер тиркелет:
- конкурска катышууга арызы;
- өзүнүн резюмеси;
- паспортунун же өздүгүн аныктоочу документинин көчүрмөсү;
- билими жөнүндө документтеринин көчүрмөсү.
Мындан башка, талапкерди сунуштаган каттарды кошуп койсо болот.
Документтердин толук тизмеси кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн office@ilim.gov.kg электрондук дарек аркылуу же Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине тапшыруусу зарыл.
Дареги: Бишкек ш., Москва көчөсү, 62, 102-каб.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0 (312) 68-04-71