Официальный сайт МИНИСТЕРСТВО НАУКИ, ВЫСШЕГО ОБРАЗОВАНИЯ И ИННОВАЦИЙ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
 

К.Карасаев  атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат

      

  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын жана “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    6-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү боюнча комиссиясы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын бекитүү үчүн конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну Жарыялайт.

“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:

Кеңештин мүчөсү катары төмөнкүлөр боло алышат:

1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;

2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн тандоо конкурсуна катышууну каалаган талапкерлердин арызына төмөнкү документтер тиркелет:

  • конкурска катышууга арызы;
  • өзүнүн резюмеси;
  • паспортунун же өздүгүн аныктоочу документинин көчүрмөсү;
  • билими жөнүндө документтеринин көчүрмөсү.

Мындан башка, талапкерди сунуштаган каттарды кошуп койсо болот.

Документтердин толук тизмеси кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн office@ilim.gov.kg  электрондук дарек аркылуу же Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине тапшыруусу зарыл. Дареги: Бишкек ш., Москва көчөсү, 62, 102-каб.a

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0 (312) 68-04-71