Официальный сайт МИНИСТЕРСТВО НАУКИ, ВЫСШЕГО ОБРАЗОВАНИЯ И ИННОВАЦИЙ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
 

КОНКУРСЫ И МЕРОПРИЯТИЯ

Стипендии для талантливых иностранных студентов — Словакия 2025/2026
 
Министерство образования, исследований, развития и молодёжи Словацкой Республики объявляет набор на стипендиальную программу для талантливых иностранных студентов, желающих начать обучение в словацких вузах в 2025/2026 учебном году.
 
Что предлагает программа:
 
Стипендия до 5 000 € в год (максимум 15 000 € за весь период обучения)
 
Поддержка:
3 года — для бакалавриата или объединённой бакалаврско-магистерской программы
2 года — для магистратуры
 
Обучение на английском или словацком языке
 
Программа охватывает приоритетные направления, такие как медицина, ИТ, инженерия, экология, аграрные науки и др.
 
Приём заявок: с 24 июня по 31 июля 2025 года (до 23:59 CET)
Подача заявок и подробности: https://scholarships.portalvs.sk
Вопросы: scholarships.esif@minedu.sk

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 токтому менен бекитилген “Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө” Жобонун 6-пунктуна ылайык Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү орундарга ачык конкурс жарыялайт:
билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү (орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 1 өкүл жана  жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 2 өкүл);
иш берүүчүлөр ассоциацияларынан 3 өкүл;
коомдук институттардын 2 өкүлү.
 
Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:
— Кыргыз Республикасынын жараны;
— мамлекеттик тилди билүү;
— жогорку кесиптик билими бар.
 
Иш тажрыйбасы:
билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн билим берүү чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
 
Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:
— аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;
— аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;
— аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;
— билим берүү уюмунун жетекчиси.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— арыз;
— резюме;
— паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;
— иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.
 
Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде электрондук почта: isirailova77@bk.ru
аркылуу PDF форматта жөнөтөт.
 
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 25-июлунан тартып 2025-жылдын 24-августунун саат 18.00 чейин.
 
Байланыш телефону: 0773343262 (чалуу 9:00 – 18:00 чейин)

В рамках проекта «Качество и инновации в высшем образовании» объявляется грантовый конкурс
Академического инновационного фонда.
Для желающих принять участие в конкурсе, ознакомиться с условиями и требованиями можно по ссылке ниже:

Руководство по реализации  программы грантов Академического инновационного фонда

“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорунун алкагында
Академиялык инновациялык фонд тарабынан гранттык конкурс жарыяланат.
Гранттык сынакка катышууну каалагандар үчүн шарттары жана талаптары тууралуу толук маалымат
менен төмөнкү баскыч аркылуу таанышууга болот:

Академиялык инновациялык фондунун гранттык программасын ишке ашыруу боюнча колдонмо

📢 Объявление о начале приёмной кампании
 
Министерство науки, высшего образования и инноваций сообщает, что с понедельника, 14 июля, во всех высших учебных заведениях Кыргызской Республики начинается приёмная кампания.
 
Весь процесс подачи заявлений организован в электронном формате через официальную платформу.
Для участия в конкурсе Вы должны подать заявку через автоматизированную информационную систему «Абитуриент Online» (далее АИС) на сайте www.2020.edu.gov.kg.
 
Министерство предупреждает абитуриентов и их родителей:
 
Не поддавайтесь на предложения сомнительных лиц, обещающих поступление при помощи связей или денежных средств. Заявления типа «я помогу тебе поступить с таким-то баллом» — это проявления мошенничества.
 
📌 Будьте бдительны!
Поступление в вузы должно осуществляться исключительно в рамках действующего законодательства.
 
Важно:
    •    Подача документов в университеты осуществляется на основании результатов Общереспубликанского тестирования (ОРТ).
 
    •    При зачислении на специальности следующих вузов: КНК, НАХ, КНУКИ и КГАФКиС результаты ОРТ не обязательны, конкурс будет проводиться по результатам вступительных испытаний, проводимых вузами. К конкурсу на специальности Академии МВД, Военного института ВС КР, АУЦА, УЦА, Академии ОБСЕ и на специальности и направления, требующие дополнительных испытаний, допускаются абитуриенты, которые успешно прошли и ОРТ, и дополнительные испытания в данных вузах.

Кыргызпатент сообщает, что в целях стимулирования молодого поколения заниматься изобретательством и инженерно-техническим творчеством с последующим патентованием своих разработок с 28 сентября стартовал конкурс «ОТКРЫВАЯ МИР ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЙ СОБСТВЕННОСТИ. 2024», организованный Госкомитетом по науке и технологиям Республики Беларусь, Евразийским патентным ведомством (ЕАПВ ЕАПО), Министерством образования Республики Беларусь, Национальным центром интеллектуальной собственности.Для принятия участия приглашаются граждане из стран-участниц Евразийской патентной конвенции (Туркменистан, Беларусь, Таджикистан, Россия, Казахстан, Азербайджан, Кыргызстан, Армения) и лица без гражданства, проживающие в указанном регионе, в возрасте от 13 лет и не достигшие 19 лет по состоянию на 28 сентября 2024 г. Участие в конкурсе осуществляется в индивидуально. Подробная информация на странице конкурса: https://ncip.by/openwip/

Для участия необходимо прослушать лекции на YouTube-канале НЦИС (https://www.youtube.com/@ncip) и выполнить задания.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Тажикстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында конкурстук 2025-2026-окуу жылына тандоону жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы 2007-жылдын 15-мартындагы Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууга ылайык, Тажикстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандарын Тажикстан Республикасынын жождорунда окутуу үчүн квоталык 35 орундарды бөлөт.

Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

2025-2026-окуу жылына Тажикстан Республикасынын Жогорку окуу жайларына Кыргыз Республикасынын жарандарын тандоо, документтерди кабыл алуу жана кирүү сынактары Кызыл-Кыя шаарындагы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кызыл-Кыя геотехнологиялар жана жаратылышты пайдалануу институтунун базасында өткөрүлөт.

Тажикстан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн керектүү документтер:

1) Арыз;

2) аттестаттын же орто кесиптик билим тууралуу көчүрмөсү, түп нускасын көрсөтүү  менен (2 даана);

3) ID жана эл аралык паспорттун көчүрмөсү (ар бири 2 даанадан).

4)  № 086-у формадагы  медициналык маалымкат.

5) № 063 формадагы медициналык маалымкат;

6) ВИЧ/СПИДдин жоктугу жөнүндө маалымкат.

7) 3х4 өлчөмдөгү сүрөт – 8 даана.

8) аскер күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

9) эгерде ЖРТ сертификаты болсо (көчүрмөсү же түп нускасы).

Абитруенттердин документтери 2025 жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.

Программанын талаптарына ылайык бардык зарыл документтерди ийгиликтүү жана өз убагында тапшырган конкурсанттарга кирүү сынактарына катышууга уруксат берилет.

Сынактык тандоо сынак түрүндө 2025-жылдын 1314-август күндөрү өткөрүлөт.

Толук маалымат алуу үчүн И. Раззаков атындагы  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кызыл-Кыя геотехнологиялар жана жаратылышты пайдалануу институтуна кайрылуу керек.

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз жана Сиздерди күтөбүз!!!